Чыныгы баатыр
Намыстан
Ана баатыр
Намыстан
Мына баатыр
Канакей чыныгы баатыр болсоң, кыйла, кыйла
Мээримин күткөн зарлар бар, мерес жүрөктөн жарадар
Эрдигим чапкан муштумум десең, ыйла, ыйла
Ачууну баскан баатырлар, дал ошол эрдикке барабар
Ата-эне алдында оройлугун чапканды
Адал эмгек, чеке тер деп кир ойду жапканы
Жубайга, бир туууганга, элим-жерим деп турганга
Адашканга замандашка жүрөк боору тартканы
Жаман дебесең, жакшы кеп айтсаң
Оңбогур дебесең, олутту сөз айтсаң
Мынакей кыргызымдын баатыры
Берген экен кооз жерди белек кылып Кудайым
Таза суу салкын аба керемет төр ар дайым
Берген экен мунун баарын өзү Кудайым
А сенден о эмне келди уул-тай
Элдин баатыры "элге" деп
Элге мээримин чачканы
Ээн талаа, эч ким көрбөйт деп
Ээнбаш үлгүдөн качканы
Аялын кордобой, адамды зордобой, чыныгы баатыр эй башкабы
Намыстан!
Ана баатыр
Намыстан!
Мына баатыр
Чыныгы намыс айкөлдүктө, урмат сыйда, достукта
Кемсинткендери эр эмес, ар намыс деген ал эмес
Бөтөн эл алдында атанды уялтпай, аттанып меймандостукка
Коногуң сыйла келген кез, кошунаң сыйла сөкпөй тез
Кыйкырып мен деп о төшүнү чапканы
калп эле патриот кийип алып масканы
Как жерге түкүрүнүп жүргөнү басканы
Өз жерин, өз элин сыйлабай асылганы
Асылганы башкалар - башканын жаңылганы
Төбөдө төөнү көрбөй, ашатып башканы
Бул эмес баатыры, бул адашканы
Берген экен залкарларды Кудайым
Ак калпак Ала-Тоодой көрүнүктүү ар дайым
Берген экен анын баарын өзү Кудайым
А сенден о эмне келди уул- тай
Эр догурунбай ар кимге, эр өзүнөн баштаган
Сен кимсиң? дебей, «мен ким?» деп жаңыдан кадам таштаган
Улуубу кичүүбү, өйдөбү ылдыйбы, адам деп айбандыктан э-эй баш тарткан
Ана баатыр
Намыстан
мына баатыр